15:03
USD 87.70
EUR 95.02
RUB 0.97

Олимпиада-2024. Кыргызстан дагы эки жолдомо алды

Жөө күлүктөр Сардана Трофимова менен Илья Тяпкин Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо алышты. Бул тууралуу Эл аралык жеңил атлетика федерациясынын World Athletics сайтында маалымдалды.

Кыргызстандык спортчулар олимпиадалык нормативди аткара алышкан жок, бирок Universality Places системасы боюнча лицензия алышты. Алар марафондук аралыкты чуркашат.

Жалпысынан Кыргызстандын 13 олимпиадалык лицензиясы бар.

Эң көп окулган жаңылыктар