Эртең, 9-июлда Чүй, Ош, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым аймактарында жаан-чачын жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.
Аймактарда абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +17... +22, күндүз +32... +32;
Талас жергесинде түнкүсүн +12... +17, күндүз +28... +33;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +18... +23, күндүз +33... +38;
Нарын аймагында түнкүсүн +7... +12, күндүз +20... +25;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +10... +15, күндүз +20... +25,
Бишкек шаары түнкүсүн +19... +21, күндүз +34... +36.

