01:36
USD 87.45
EUR 101.76
RUB 1.19

«Алтын топ −2026»: Лионель Месси башкы 3 талапкердин катарына кирди

Букмекерлер дүйнөнүн эң мыкты футболчусуна бериле турган 2026-жылдагы «Алтын топ» сыйлыгынын ээсине карата көрсөткүчтөрүн жаңылашты.

Аргентина курама командасы 2026-жылкы Дүйнө чемпионатынын 1/4 финалына чыккандан кийин, Лионель Месси бул сыйлыкка негизги 3 талапкердин катарына көтөрүлдү.

Англия курамасынын чабуулчусу Харри Кейн «Алтын топко» башкы талапкер бойдон калууда. Андан кийинки орунда Франциянын чабуулчусу Килиан Мбаппе келе жатат.

2026-жылдагы «Алтын топко» негизги талапкерлердин тизмеси:

Харри Кейн (Англия) — 3.50

Килиан Мбаппе (Франция) — 3.75

Лионель Месси (Аргентина) — 6.00

Майкл Олисе (Франция) — 7.00

Усман Дембеле (Франция) — 9.00

Ламин Ямаль (Испания) — 11.00

Эрлинг Холанд (Норвегия) — 13.00

Джуд Беллингем (Англия) — 21.00

Калгандары — 34.00дөн жогору.

Эске салсак, Лионель Месси — «Алтын топтун» сегиз жолку ээси. Бул абсолюттук рекорд болуп саналат. Анын эң жакын атаандашы — португалиялык Криштиану Роналдуда мындай сыйлыктан бешөө бар.

Эң көп окулган жаңылыктар