Соң-Көлдөн экологиялык абалды жакшыртуу жана балык ресурстарын сактоо максатында рейддер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирет.
Маалыматка ылайык, кызматкерлер көлдүн акваториясын мыйзамсыз коюлган синтетикалык балык уулоочу торлордон тазалашты.
Учурда Соң-Көл көлүн мыйзамсыз уулоо куралдарынан тазалоо жана анын мелиоративдик абалын жакшыртуу боюнча иштер улантылууда.

