11:05
USD 87.45
EUR 101.76
RUB 1.19

Аламүдүн районунда 46 мыйзамсыз объект аныкталды

Чүй облусунун Аламүдүн районунда мыйзам талаптарын бузуу менен жайгашкан 46 объект аныкталды.

 Шаар куруу жана архитектура департаментинин маалыматы боюнча, жол боюнда жайгашкан соода жана тейлөө объекттерине инвентаризация жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында комиссия аныкталган объекттердин ичинен 8и капиталдык курулуш, 22си жеңил конструкциядагы объект, ал эми калган 16сы соода павильондору экенин аныктаган.

 

Бул 46 объект тең кызыл сызыктан сырткары жайгашканы белгиленген. Учурда комиссия Ленин атындагы, Байтик Баатыр, Кашка-Суу, Таш-Дөбө, Арашан, Таш-Мойнок жана Беш-Күнгөй айылдарында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Объекттердин ээлерине мыйзам талаптары түшүндүрүлүп, аныкталган мыйзам бузууларды четтетүү боюнча чаралар көрүлүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар