Мадриддин «Реал» клубунун мурдагы башкы машыктыруучусу Зинедин Зидан 2026-жылдагы дүйнө чемпионаты аяктагандан кийин футбол боюнча Франция курама командасынын жаңы башкы машыктыруучусу болот. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары өзүнүн социалдык тармактарында билдирүү калтырган журналист Фабрицио Романого шилтеме берүү менен кабарлашты.
Анын маалыматы боюнча, дүйнөлүк биринчилик аяктагандан кийин улуттук кураманы 14 жылдан бери жетектеп келген Дидье Дешам башкы машыктыруучулук кызматынан кетет.
Эске салсак, буга чейин Франция курамасы дүйнө чемпионатынын жарым финалында Испанияга 0:2 эсебинде утулуп калган. Эми француз командасы үчүнчү орун үчүн беттешке чыгат.

