11:18
USD 87.45
EUR 101.76
RUB 1.19

Бишкекте дайынсыз жоголгон Гүлсара Токтошова изделүүдө

Бишкек шаарынын Ленин районунун Ички иштер башкармалыгы 1970-жылы туулган, дайынсыз жоголгон Токтошова Гүлсара Сагимовнаны издеп жатат.

Маалыматка ылайык, 12-июлда болжол менен саат 18.00дө аял «Алтын-Ордо» конушундагы Ак-Ниет көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Анын кайда экени ушул күнгө чейин белгисиз.

Ленин райондук ИИБдин
Фото Ленин райондук ИИБдин . Гүлсара Токтошова

Белгилери: бою болжол менен 170-175 сантиметр, чачы ак аралаган, көзү күрөң, өңү кара тору, жүзү сүйрү, кашы кара, мурду бир аз кырдач.

Жоголгон күнү үстүнө кызыл футболка, бутуна көк түстөгү бут кийим кийип жүргөн.

Бул аялдын кайда экени тууралуу кандайдыр бир маалыматы барларды төмөнкү телефондор аркылуу кабарлап коюуну суранышат: 0312352632, 0312352947, 0703699055, 0224214346.

Эң көп окулган жаңылыктар