22:05
USD 87.70
EUR 95.02
RUB 0.97

Чек арадагы соода-логистикалык комплекси. Мажилис тиешелүү мыйзамды кабыл алды

Казакстан менен Кыргызстандын бийлиги эки өлкөнүн чек арасында соода-логистикалык комплекс түзүүнү пландоодо. Эки тараптуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө тиешелүү мыйзамды Казакстан Мажилисинин (парламенттин төмөнкү палатасы) депутаттары кабыл алды.

«Карасу» (Казакстан) жана «Ак-Тилек» (Кыргызстан) өткөрүү пункттарынын аймагындагы индустриалдык соода-логистикалык комплексти түзүү жана анын ишин жөнгө салуу жөнүндө өкмөттөр аралык макулдашууга 2023-жылдын 9-июнунда Астанада кол коюлган. Ал 25 жылга түзүлөт жана автоматтык түрдө беш жыл сайын узартылып турат.

Макулдашуу эки мамлекеттин ортосундагы соода-логистикалык чөйрөдө бизнес жүргүзүү шарттарын жакшыртууга мүмкүндүк берет жана эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

Мажилис келишимди ратификациялагандан кийин ал парламенттин жогорку палатасы — Сенаттын кароосуна жиберилет.

Эң көп окулган жаңылыктар