03:59
USD 87.70
EUR 95.02
RUB 0.97

Ала-Арча капчыгайында бутун сындырып алган чет өлкөлүк турист куткарылды

Аламүдүн районунун Ала-Арча капчыгайында чет элдик турист куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 19-майда «Жарылган-Жүрөк» тоосунда Россиянын 60 жаштагы жараны бутун сындырып алганы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине төрт куткаруучу тартылган. Алар жабыркаган орусиялык жаранды алып түшүп, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Учурда чет өлкөлүк туристтин абалы каанаттандыралык.

Эң көп окулган жаңылыктар