18:00
USD 87.45
EUR 101.76
RUB 1.19

Үч буроо, үч кыл комуз: Бүгүн комуз өнөрүнө арналган конференция башталат

Бүгүн, саат 09:30да Бишкек шаарындагы Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада «Комуз — кыргыз элинин салттуу маданиятынын уңгусу» аттуу илимий-практикалык конференция өтөт. Бул тууралуу уюштуруулар билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргыз Республикасынын «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» уңгужолунун алкагында Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу «Сейтек» улуттук балдар жана өспүрүмдөр борбору тарабынан уюштурулууда.

Конференцияда белгилүү окумуштуулар, илим изилдөөчүлөр жана маданият өкүлдөрү комуз өнөрүнүн тарыхы, бүгүнкү абалы, музыкалык билим берүү, күүчүлүк салт жана анын келечеги тууралуу илимий баяндамалар менен чыгышат.

Иш-чаранын алкагында комузчу, күү изилдөөчү Мастура Бердибекова тарабынан комузчулук өнөргө арналган жаңы окуу-усулдук эмгектеринин кол жазмаларынын бет ачаары да өтөт.

Эң көп окулган жаңылыктар