18:16
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

Райымбек Матраимов кайра Мамлекеттик бажы кызматындагы ордуна келе алат

Бишкек шаардык соту мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурунку орун басары Райымбек Матраимовдун өкмөткө доо арызын канааттандырды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине анын жактоочусу Татьяна Карыжинская билдирди.

Татьяна Карыжинская шаардык соттун чечими дароо күчүнө кирерин, Райымбек Матраимовдун Бажы кызматындагы иш ордуна кайта барууга толук укуктуу экендигин белгилейт.

Белгилей кетсек, буга чейин Бишкектин Биринчи Май райондук соту бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары иштен мыйзамсыз алынгандыгын ырастаган. Мындай чечимге макул болбогон өкмөт андан жогорку инстанцияга даттанган болчу.

Өкмөттүн өкүлдөрү бул чечимди Жогорку Сотко даттанышмакчы.

Эскерте кетсек, Райымбек Матраимов мурдакы премьер-министр Сапар Исаков жумуштан алган. Бажы кызматынын төрагасынын орун басары өкмөт башчысынын чечимин негизсиз деп таап, сотко кайрылган.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев «Апрель» телеканалына берген маегинде Райымбек Матраимовдун коррупционер катары атап, азыркы бийликти аны калкалап жатканын айтты.

Райымбек Матраимовдун мүлкү боюнча ЖМКда бир нече иликтөөлөр жарыяланган. Анын байлыгынын тарыхы дагы эле белгисиз. 

 
 
Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума