17:43
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

АКШда аткезчилик үчүн эң узун тоннель табылды

АКШ бийлиги Мексика менен болгон чек аранын түштүк-батыш бөлүгүнөн эң узун тоннелди тапты. Бул тууралу РИА Новости агенттиги жазып чыкты.

Тоннель Тихуана шаарынан тартып Американын Сан-Диего шаарына чейин созулган.

«Тоннель аркылуу аткезчилик жолу менен баңгизаты ташылып турган. Аны көптөгөн ири иликтөөлөрдөн соң табышкан. Бирок бир дагы камоого алынган учур катталган эмес», — деп айтылат маалыматта.

Тоннелдин узундугу — 1,3 чакырым, бийиктиги — 165 сантиметр жана туурасы — 70 сантиметрди түзөт. Ал желдеткич системасы, электр энергиясы жана лифт менен жабдылган.

Эң көп окулган жаңылыктар