18:01
USD 87.70
EUR 95.02
RUB 0.97

Кыргызстандык тигүүчү компания АКШ менен Европага кийимдерин жөнөтөт

Кыргызстандык «Сабрина-Амика» тигүүчү компаниясы АКШ жана Европага чыкты. Бул тууралуу Европа биримдигинин Кыргызстандагы өкүлү билдирет.

Ишкана DiSORELLE маркасы менен кийимдерди тигет. Алар Ready4Trade программасына катышып, электрондук коммерция жана бизнести алып жүрүү боюнча окуудан өткөн.

Учурда фабрика ай сайын 5 миң кийим чыгарып турат.

Белгилей кетсек, буга чейин аталган фабриканын кийимдери Wildberries жана Lamoda сайттарында сатылчу. Эми eBay аркылуу АКШ жана Европа рыногуна чыгууда.

Эң көп окулган жаңылыктар