10:27
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

Айпери Медет кызы жана Нурзат Нуртаева Азия оюндарында финалга чыгышты

Кыргызстандык балбандар Айпери Медет кызы жана Нурзат Нуртаева Азия оюндарында финалга чыгышты. Бул тууралуу чемпионаттын сайтында маалымдалат.

Айпери Медет кызы (76 килограммга чейин) тайвандык спортчу менен беттешип, жеңишке жетти. Нурзат Нуртаева (68 килограммга чейин) монголиялык балбанды утту.

Бекзат Алмаз уулу (57 килограммга чейин) түндүк кореялык спортчуга утулуп, эми коло медаль үчүн күрөшөт.

Ал эми Айсулуу Тыныбекова (62 килограммга чейин) чейрек финалда япониялык балбанга жеңилип калды. Эми ал коло медаль үчүн күч сынашат.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума