15:50
USD 88.35
EUR 95.16
RUB 0.95

Азырынча жол кирени накталай төлөөгө болбойт. Мэрия долбоорду убактылуу токтотту

Мэрия буга чейин 1-ноябрдан тарта коомдук транспортто жол кирени накталай төлөөгө болорун, бирок ал учурда жол акысы 25 сомду түзөрүн билдирген. Вице-мэрдин милдетин аткаруучу Максатбек Сазыкулов 24.kg агенттигине муниципалитет мындай системаны киргизүүнү азырынча токтотконун айтты.

«Биз калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү күчөттүк. Накталай эмес жол менен төлөө жакшырак экенин, арзанырак болорун түшүндүрүп жатабыз. Бул майнап берип жатат. Эгерде 31-октябрда бизде 149-150 миң транзакция болсо, 1- ноябрда бул сан 38 миңге же 25 пайызга өстү», — деди ал.

Максатбек Сарыкулов азырынча жол кирени накталай төлөөгө болбой турганын кошумчалады.

Белгилей кетсек, Бишкек шаардык кеңешке жол киреге дифференцияланган тарифти киргизүү жөнүндө токтомдун долбоору киргизилген. Бул жол кирени накталай төлөсө, кымбатырак болорун түшүндүрөт. Документ коомдук талкууга коюлган.

Эң көп окулган жаңылыктар
13-май, дүйшөмбү