02:21
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

Кыргызстандык киберспортчлар эл аралык турнирде жеңишке жетти

Демонстрациялык Азия оюндары — 2023 турниринде кыргызстандык киберспортчулар жеңишке жетти. Бул тууралуу журналисттерге Киберспорт федерациясынын вице-президенти Тариэль Болотбеков билдирди.

Кыргызстандын киберспорт боюнча федерациясы
Фото Кыргызстандын киберспорт боюнча федерациясы

Өлкөнүн XR Sports — Steelraid и Robot Sports — Ultimate Battle Robots боюнча курама командасы Кытайдын Ханчжоу шаарында Азия киберспорт федерациясынын колдоосу менен өткөн турнирде биринчи орунду ээледи.

Алар Вьетнамдын жана Казакстандын киберспортчуларын жеңип, финалда Таиланд курама командасын утту.

КЭРде өткөн турнирде жаңы атаандаштык дисциплиналары — XR Sports — Steelraid и Robot Sports киргизилген.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума