19:39
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

Баткен облусуна жеңилдетилген каржылоого 276,5 миллион сом бөлүндү

Баткен облусун өнүктүрүү жана калкына мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, министрлер кабинетинин 2023-жылдын 28-августунда тескемеси чыгып, анда «Баткен облусун жеңилдетилген каржылоо-2» долбоору бекитилген. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, долбоорду ишке ашырууга республиканын 2 коммерциялык банкы катышууда. Аларды кредиттөөнүн көлөмү 350 миллион сомду түзүүдө.

2023-жылдын 23-ноябрына карата долбоордун алкагында Баткен облусунун 315 ишкердик субъекттерине 276,5 миллион сом суммасында жеңилдетилген насыя берилди.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума