11:00
USD 88.33
EUR 95.66
RUB 0.97

Ласло Кевер: Венгрия Кыргызстан үчүн Европага ачылган терезе болуп берүүгө даяр

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы
Фото Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Венгрия мамлекетиндеги расмий иш сапарынын алкагында Улуттук ассамблеясынын төрагасы, азыркы тапта президенттин милдетин аткарып жаткан Ласло Кевер менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.

«Акыркы жылдары кызматташтык жигердүү өнүгүп, Кыргыз-Венгер өнүктүрүү фонду иштеп жатат. Биз боордош мажар эли менен калыптанган эки тараптуу алакаларды мындан ары да өнүктүрүүгө кызыкдарбыз. Экономикалык кызматташтыкты кеңейтип, соода байланышын күчтөндүрүшүбүз керек. Айрыкча, гидроэнергетика, жашыл экономика, туризм өңдүү тармактарда инвестициялык долбоорлорду биргелешип ишке ашыруубуз кажет. Бул жаатта Кыргызстандын мүмкүнчүлүктөрү өтө чоң», — деди Нурланбек Шакиев.

Президенттин милдетин аткаруучу Ласло Кевер Венгрия буга чейин батышка багытталган саясатты жүргүзүп келген болсо, акыркы жылдары чыгыштагы боордош мамлекеттерге багытталган саясатка өзгөчө көңүл буруп жатканын белгиледи.

«Чыгышка карай бет буруу» аталышындагы бул саясатыбыздын алкагында Кыргызстан менен жигердүү кызматташууга кызыкдарбыз. Айрыкча соода байланышын өнүктүрүп, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу башкы максатыбыз. Биз Кыргызстан үчүн Европага ачылган терезе болуп берүүгө даярбыз», — деди ал.

Жолугушууда ошондой эле маданий алакалар тууралуу да айтылып, Ласло Кевер кыргыз делегациясын августта өтө турган курултайга чакырды.

Эң көп окулган жаңылыктар