21:01
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

Ош — Баткен — Раззаков жолундагы жол кырсыгында бир адам каза болду

Ош — Баткен — Раззаков автожолунун Рават тилкесинде жеңил унаанын айдоочусу рулда уктап калып, жол кырсыгына кабылган. Жүргүнчүлөрдүн бирөөсү каза болду. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

«Кыргызавтожол» ишканасынын № 2 жол тейлөө ишканасы тарабынан тайгакка каршы инерттик материалдарды чачуу учурунда ISUZU машинесинин арткы бөлүгүнө Өзбекстандын жеңил унаасы чоң ылдамдык менен сүзгөн. Алдын ала маалыматтар боюнча, айдоочусу рулда уктап калган», — деп айтылат маалыматта.

Мекеменин маалыматына ылайык, № 2 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жабыркаган эмес.

Транспорт жана коммуникация министрлиги айдоочуларды эс алуу жана уктоо режимин сактоого, аба-ырайынын жагымсыз шарттарында, айрыкча кар жааганда рулда этият болууга чакырат.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума