19:53
USD 88.33
EUR 95.66
RUB 0.97

Муфтият: Орозо айт намазы аянтта эмес, мечиттерде окулат

Быйыл Орозо айт намазы эски аянтта эмес, борбордогу мечиттерде окулат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирди.

«Акыркы убакта дүйнөдө болуп жаткан кырдаалдарга байланыштуу элдин коопсуздугу эске алынуу менен Орозо айт намазы өлкөдөгү жума намаз окула турган мечиттеринде окулат», — деп билдирди Муфтият.

Айт намаздын программасы:

  • 06:15-07:25 баяндар;
  • 7:25-7:30 Айт намаз окуу эрежесин түшүндүрүү, саффан сааф айтуу;
  • 7:30 орозо айт намазы.

Эскерте кетсек, Орозо айт Кыргызстанда 10-апрелде белгиленет.

Эң көп окулган жаңылыктар