00:30
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

Бишкектин батыш бөлүгүндө жаратылыш газы беш күнгө өчүрүлөт

15-19-апрель күндөрү Бакаев көчөсүндөгү жол куруу иштерине байланыштуу борбор калаанын айрым райондоруна жаратылыш газын берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу «Бишкекгаз» билдирди.

Васильевский, Фучик, Профсоюзная көчөлөрү, Дэн Сяопин проспектиси, Лумумба, Толстой, Матыев көчөлөрү, Ала-Арча дарыясы менен чектелген аймакта көгүлтүр от беш күнгө өчүрүлөт.

«Бишкекгаз» келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерден убактылуу энергиянын альтернативдүү булактарына өтүүнү суранат.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума