21:22
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

Бишкекте Аламүдүн суусуна 128 миллион сомго көпүрө курулат

Бишкекте Аламүдүн суусуна көпүрө курулат. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалды.

Белгиленгендей, тендерди мэриянын транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаменти жарыялады. Бул максатка 128 миллион 687 миң 67 сом сарптоо пландалууда.

Көпүрө Жибек-Жолу проспектисине курулат. Ишти жылдын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.

Белгилей кетсек, бул тилкеде азыр көпүрө бар, бирок муниципалитет буга чейин аны кеңейтүү керектигин айткан.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума