17:12
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

Эртең Бишкектин батыш бөлүгүндө муздак суу өчүрүлөт

Эртең Бишкектин батыш бөлүгүндө муздак суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта белгиленгендей, «Киркомстром» суу алгычындагы жана шаардык суу түтүктөрүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу саат 9:00дөн 17:00гө чейин токтотулат.

Өчүрүү аймагына төмөнкү көчөлөр кирет:

  • Абаканов көчөсү — Дэн Сяопин проспектиси — Кустанай көчөсү — темир жол линиясы;
  • Кустанай көчөсү — Волков көчөсү — Садыгалиев көчөсү — Дэн Сяопин проспектиси.


«Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума