21:41
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

Депутат Жусупбек Коргонбай уулу мандатын өткөрүп берүүнү чечти

Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу мандатын өткөрүп берүүнү чечти. БШКдан 24.kg агенттигине билдиришкендей, депутат ыйгарым укуктарын өз ыктыяры менен өткөрүп берүү боюнча арыз жазган.

Эске салсак, Жусупбек Коргонбай уулу Ноокат району боюнча Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.

Буга чейин депутаттык мандатын «Ишеним» фракциясынын мүчөсү Эмилбек Жусупов тапшырган. Бош калган орун Советбек Рустамбек уулуна берилди.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума