21:03
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Коргонбай уулунун кетишине министр экөөнүн ортосундагы маселенин тиешеси жок

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков өзүнүн Facebook баракчасында айрым маалымат каражаттары Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулунун мандатын тапшыруусуна саясий түс берип жатышканын жазды.

«Тактап айтканда, буга чейин эл өкүлү менен саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кайым айтышканын, президент министрди коргоп чыкканын мисал кылып, анын мандатын тапшыруу себебине саясий боек беришүүдө», — деп жазды ал.

Дайырбек Орунбеков депутаттын мандатын тапшырганына министр экөөнүн ортосундагы маселенин эч кандай тиешеси жок экенин айтты.

«Депутаттар менен өкмөт мүчөлөрүнүн ортосунда кайым айтышып кетүү учурлары буга чейин дагы, мындан ары дагы боло берет, ал мыйзам ченемдүү көрүнүш. Андыктан, депутаттын өз каалоосу менен мандатын тапшырганын жогорудагы санап өткөн себептерге байланыштыруу туура эмес. Анын кетүүсү — өзүнүн башка себептерине байланыштуу тандоосу, Алымкадыр Бейшеналиев менен болгон чыр-чатактарына такыр тиешеси жок», — деди ал.