Президенттик администрациянын коллегиялык жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бир катар министрлерге жана чиновниктерге сөгүш жарыялап, эскертүү берди.
Сөгүш алгандар:
- транспорт министри Тилек Текебаев;
- маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов;
- санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева;
- санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Жумамүдүн Жумалиев;
- саламаттык сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева;
- жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Асел Раимкулова;
- президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев.
Эскертүү алгандар:
- тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
- Инвестиция боюнча агенттиктин директору Талант Иманов;
- президенттик администрациянын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын санариптик өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Азамат Буржуев.