14:26
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

Владимир Путин Кыргызстандын Россиядагы элчисин Достук ордени менен сыйлады

Владимир Путин Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гүлнара-Клара Саматты Достук ордени менен сыйлады. Орусиянын президентинин тиешелүү жарлыгы укуктук актылар порталында жарыяланды.

Ошондой эле Достук ордени менен президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев дагы сыйланды.

Белгиленгендей, сыйлыктар Россия менен Кыргызстандын ортосундагы союздаштык мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоого кошкон зор салым үчүн берилген.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума