12:47
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

Бишкекте синтетикалык баңгизаттар колдонулган түнкү клуб жабылды

Бишкекте түнкү клуб жабылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 4-майга караган түнү Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы жана УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгы тарабынан жабык түнкү клубда тинтүү жүргүзүлгөн. Түнкү клубдун конокторунан түркүн түстөгү таблеткалар, жыты жок суюк зат куюлган бөтөлкөлөр табылып, алынган.


Клубга келгендер жогорку окуу жайларда окутуучу, волонтер болуп иштеген чет мамлекеттердин жарандары экендиги аныкталган. Баңгизатын колдонууга шектелген клубдун коноктору жана кызматкерлери Республикалык наркология жана психиатрия борборуна медициналык текшерүүгө жеткирилген. Алар синтетикалык баңгизатын колдонгондорун ачык айтышкан.


Андан кийин алар тергөө иш-чараларын жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн ички иштер органдарына жеткирилген. Алынган заттар Мамлекеттик экспертиза борборуна жөнөтүлдү. Түнкү клубдун иши токтотулуп, тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат. Анын жыйынтыгы менен клубдун ээсине карата процессуалдык чечимдер кабыл алынат.

24.kg агенттигине өздүк булактар билдиргендей, текшерүү Cats Bar түнкү клубунда жүргүзүлгөн.

Эске салсак, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев түнкү клубдарды иштеткендерге жана ээлерине эскертүү берип, баңгизаттардын сатылышына жол берилбеши керектигин айткан.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума