15:14
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

Этникалык кыргыздарга Кыргызстандын ЖОЖдорунда билим алууга 75 орун бөлүндү

Этникалык кыргыздарга президенттин жарлыгы менен 2024/2025-окуу жылында Кыргызстандын жогорку окуу жайларында билим алууга 75 квота бөлүндү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Сынакка этникалык кыргыздар — Казакстан, Кытай, Өзбекстан, Тажикстан, Түркия жана Пакистандын жарандары катыша алышат.

Сынактык тандоого катышуу үчүн талапкерлер министрликтин онлайн системасына катталып, «Чет өлкөлөрдө жашаган этникалык кыргыздарды Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына 2024-2025-окуу жылында кабыл алуу» бөлүмүнө бардык керектүү документтерди жүктөшү керек. Ошондой эле 27-июнь саат 23:59га чейин милдеттүү болгон талааларды толтуруу зарыл.

«Кабыл алуу аяктагандан кийин арыздардын талаптарга ылайыктуулугу жана керектүү документтердин бар-жогу текшерилет. Онлайн системага өз убагында ийгиликтүү катталып, программанын талаптарын сактоо менен керектүү документтерди жүктөгөн талапкерлерге тандоо сыноолоруна катышууга уруксат берилет», — деп белгиледи министрлик.

Сынактык тандоону өткөрүү үчүн курамына университеттердин, илимий чөйрөнүн, жарандык коомдун жана башка кызыкдар тараптардын өкүлдөрү кирген тандоо комиссиясы түзүлөт.

Бакалавр программаларына конкурстук тандоо компьютердик/бланктык тестирлөө жана аңгемелешүү форматында 22-июлдан 25-июлга чейин өткөрүлөт. Жеке кабинетке сынактык тестирлөөнүн датасы жана убактысы тууралуу маалымат жөнөтүлөт.

Конкурстук программага катышуу боюнча суроолорго маалыматтар иш күндөрү саат 15: 00дөн 17: 00гө чейин +996(312)625082, 621519, 620497 телефондору аркылуу берилет. Ошондой эле программага катышуу боюнча суроолорду laidarova@edu.gov.kg электрондук дарегине жиберсе болот.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума