21:02
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

Бишкектеги ботаникалык бакта этнокомплекс курулат

Бишкектеги ботаникалык бакта этнокомплекс курулат. Бул жөнүндө 24.kg агенттигине анын директору Иван Хегай билдирди.

Анын айтымында, бактын Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан бөлүгүндө реконструкция иштери жүргүзүлөт.

«Быйыл партер зонасын калыбына келтирүүнү пландап жатабыз. Ал эки бөлүктөн турат. Сол жагына жаңгак, алма жана кара өрүк көчөттөрүн отургузуп койдук. Оң тарабына этнокомплекс курууну пландаштырып жатабыз, ал жерге Кыргызстандын жергиликтүү флорасы, өсүмдүктөрү отургузулат», — деди ал.

Иван Хегай быйыл эки аймактын тең (Горький жана Ахунбаев көчөлөрүндө) ирригация системаларын калыбына келтирүү үчүн бюджеттен 95 миллион сом бөлүнгөнүн кошумчалады.

«Бир курулуш компаниясы жабык система жасоону сунуштаган, бирок бул кымбат болот, кийин аны тейлей турган адистер керек жана аны курууга 29 ай талап кылынат. Ошондуктан, иштеп жаткан системаны, ошондой эле көлмөлөрдү калыбына келтирүү, скважиналарды бургулоо жана мүмкүн болсо өрткө каршы челектерди орнотуу чечими кабыл алынды. Азыр долбоордун үстүндө иштеп жатабыз», — деди ал.

24.kg
Фото 24.kg. Ботаникалык бактын партер бөлүгү

Белгилей кетсек, Горький көчөсүндөгү ботаникалык бактын жалпы аянтын реконструкциялоо өткөн жылы башталган. Анда президенттин администрациясынын, «Кыргызкурулушсервис» мамлекеттик ишканасынын жана ботаникалык бактын жетекчилери 33 миллион сомдук үч тараптуу келишимге кол коюшкан. Реконструкция иштери аяктаган.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума