22:32
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

Кыргызстанда былтыр өндүрүштөгү кырсыктардан 81 адам каза болгон

2023-жылы өлкөдө 2,6 миңден ашык эмгек мыйзамдарын бузуу фактылары аныкталган. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдындагы эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматы боюнча, бул 2022-жылга салыштырмалуу дээрлик эки эсе көп.

Мыйзам бузуулар негизинен жумуштан негизсиз бошотуу жана эмгек акы маселелерине байланыштуу болгон.

Бул мезгилде 171 өндүрүштүк кырсык иликтенип, анда 192 адам жабыркап, 81 киши каза болгон. Кырсыктар көбүнчө курулуш жана тоо-кен тармагында болот.

Жабыр тарткандарга жалпысынан 123,3 миллион сом кенемте төлөнүп берилген, бул 2022-жылга салыштырмалуу дээрлик төрт эсеге көп.

Мындан тышкары, мөөнөтүндө берилбеген эмгек акылар үчүн 22,6 миллион сом төлөнүп берилген.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума