03:20
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

PISA-2025. Пилоттук тестирлөө күзгө жылдырылды

PISA-2025 эл аралык изилдөө программасына даярдануунун алкагында өтө турган пилоттук тестирлөө күзгө жылдырылды. Бул жөнүндө 24.kg агенттигине Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялар улуттук борборунун директору Бактыгүл Шамшидинова билдирди.

Сынамык тест Кыргызстанда 66 мектептин 15 жаштагы окуучулары арасында 15-апрелден 24-майга чейин болмок.

Бирок акыркы программа даяр эмес болгондуктан жана тапшырмаларды ыңгайлаштырууга жетишпей калышкандыктан Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюму (ЭКӨУ) менен биргеликте тестти 15-сентябр — 15-октябрга жылдыруу чечими кабыл алынган.

Изилдөөнүн өзү 2025-жылдын март, апрель айларында өтөт.

PISA (Programme for International Student Assessment) — окуучулардын билимдеги жетишкендиктерин баалоочу эл аралык программа. 2025-жылы боло турган PISA сынагына болжол менен 100 өлкө катышат. Кыргызстан бул изилдөөгө 2006 жана 2009-жылдары катышып, акыркы орундарды алган.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума