23:26
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

1-класска электрондук каттоо. Өлкө боюнча 63 миңден ашуун бала кабыл алынды

Кыргызстанда саат 10.00 8-майга карата 63 миң 144 бала биринчи класска катталды. Бул жөнүндө 24.kg агенттигине Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Бишкектеги беш мектепте орундар толуп калды. Алар:

  • француз тилин тереңдетип окутуучу № 26 гимназия-комплекси;
  • № 70 мектеп-гимназия окуу-тарбиялык комплекси;
  • № 29 мектеп-гимназия окуу-тарбиялык комплекси;
  • Гейдар Алиев атындагы № 20 мектеп-гимназия окуу-тарбиялык комплекси;
  • англис тили багытындагы № 13 мектеп-гимназиясы.

Ош шаары боюнча азырынча толгон мектептер жок.

Эске салсак, Кыргызстанда 8-апрелде мектепке электрондук каттоо башталган. Ал автоматташтырылган маалыматтык система аркылуу эки этап менен жүргүзүлөт.

  • I этап — жашаган жери боюнча (катталган жери боюнча) 8-апрелден 2-июнга чейин;
  • II этап — анык жашаган жери боюнча (факт боюнча) 3-июндан 30-августка чейин болот.

Ата-энелер же мыйзамдуу өкүлдөр мектеп жашына жеткен баланы (6-7 жаш) биринчи класска онлайн режиминде mektep.edu.gov.kg платформасында каттайт.

Электрондук каттоо тууралуу суроолор боюнча call-центрге 110 номери аркылуу саат 9:00дөн 18:00гө чейин кайрылууга болот. Түшкү тыныгуу: саат 12:00-13:00 арасы.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума