02:53
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

«Асанбай» паркынын ордуна заманбап оюн-зоок паркы салынат

Бишкек шаарынын мэриясы «Асанбай» паркынын аймагында заманбап оюн-зоок паркы куруларын билдирди.

Маалыматка ылайык, бул парк жаңы форматта болот жаңы аттракциондор орнотулат. Бийиктиги 90 метрге жеткен «шайтан араба» аттракционун орнотуу пландалып жатат. Эс алуу аймагы коопсуздук эрежелерине жооп берген аттракциондор менен жабдылып, балдар үчүн акватория жана башкалар болот.

 Учурда иштеп жаткан зоопарк жалпы концепцияга ылайыкташтырылгандыктан, ишин уланта берет.

«Бүгүнкү күндө «Бишкек башкы архитектура» ишканасы тарабынан долбоор иштелип жатат. Келечектеги парктын жалпы концепциясы бар, ал курулуш нормалары жана эрежелерин эске алуу менен иштелип чыгат», — деп белгиледи мекеме.

Учурда эски аттракциондор алынып, курулуш таштандыларынан тазалоо иштери жүрүп жатат. Мэрия парктын аймагында көп кабаттуу турак жайлар курулбай турганын белгиледи.

мэриянын басма сөз кызматы
Фото мэриянын басма сөз кызматы

Эске салсак, февраль айында парктагы объектилер сүрдүрүлүп баштаган. Мэрия иштер Жогорку соттун 2023-жылдын 4-декабрындагы чечиминин негизинде жүргүзүлүп жатканын билдирген. 2024-жылы 29-январда муниципалитеттин жерди пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы тарабынан «Детский досуг» ЖЧКсына парктын муниципалдык аймагын беш календардык күндүн ичинде бошотуу жөнүндө билдирүү берилген.

2010-жылы 4,062 гектар жер тилкеси «Детский досуг» ЖЧКсына беш жылга убактылуу пайдаланууга берилген. 2022-жылдын июлунда комиссия убактылуу пайдалануу мөөнөтүн узартуудан баш тарткан.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума