19:36
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

Улуттук Банк жаңы банкнотту жүгүртүүгө чыгарды

10-майдан тарта Улуттук банк 5 миң сом номиналындагы жаңы банкнотту жүгүртүүгө чыгарат. Бул тууралуу банктын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын үлгүсүндөгү 5 миң сом банкнотунда актёр жана сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовдун портрети, арткы бетинде «Ала-Тоо» кинотеатрынын имараты сакталган. Банкноттун негизги түсү жана өлчөмү да өзгөрүүсүз калган.

5 миң сом номиналындагы банкнот үч деңгээлден турган заманбап коргоо элементтер комплексин камтыйт. Бул жасалма акча жасоодон коргойт.

Улуттук валютанын бардык банкноттору Кыргызстандын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ жана чыгарылган жылына карабастан төлөм каражаты катары милдеттүү түрдө кабыл алынууга тийиш.

Банкноттун негизги коргоо элементтери:

  • Суу белгиси: бир канча түстү камтыган портрет жана номинал түрүндөгү электротип.
  • Коргоо тилкеси: үзүк тилке, жарыкка салып кароодо бүтүн тилке (үзгүлтүксүз) болуп чагылдырылат. Анда номинал саны жана ромб түрүндө Улуттук банктын логотиби, банкнотту жантайыңкы кароодо ромб фигурасы менен тилкенин кубулуп жатканы көрүнөт.
  • Бири-бирине дал келген сүрөттөлүш: банкноттун алдыңкы жана арткы беттериндеги сүрөттөрдүн фрагменттери жарыкка салып кароодо ромб формасын түзөт.
  • Банкнотту кол менен сыдырып көрүүдө анын бетине түшүрүлгөн портреттин, жазуулардын, сан жана тамга түшүрүлгөн номиналдын сүрөттөрүндөрельефти(одуракайлык) сезүүгө болот.
  • Көмүскө сүрөттөлүш: банкнотту жантайыңкы кароодо көп түстүү сом белгиси — С пайда болот.
  • Түстөрдүн өзгөрүшү: банкнотту жантайыңкы кароодо көлөмдүү шакектер көрүнүп, оюу (орнамент) түсү алтындан жашыл түскө өзгөрөт.
  • Жалтырак тилке (арткы бетинде): банкноттун номиналы жана Улуттук банктын логотиби түрүндө берилген.

 

Эң көп окулган жаңылыктар