12:45
USD 87.30
EUR 94.96
RUB 0.98

Болот Темиров тергөө абагында сабалган жубайынын сүрөттөрүн жарыялады

Иликтөөчү журналист Болот Темиров Facebook баракчасына жубайы Махабат Тажибек кызынын тергөө абагында ур-токмокко алынгандан кийин тартылган сүрөттөрүн жарыялады.

«Махабаттын 5-апрелде тергөө абагынын кызматкери Акылбек Рыскулов тарабынан сабалгандан кийин тартылган сүрөттөрүн алдык», — деп жазды ал.

Буга чейин Болот Темиров Бишкектеги № 1 тергөө абагында жубайы жана аны менен чогуу отургандар сабалганын билдирген. Махабат Тажибек кызы тергөө абагынын кызматкери Айпери Жекшенова тарабынан кордолгонун айтып, арыз жазган.

Жазаларды аткаруу кызматы бул маалыматты четке каккан. Мекеме Махабат Тажибек кызы менен отурган бир аялды башка камерага которуу учурунда ал жердегилер каршы чыгып, ЖАКтын кызматкерлери менен уруша кетишкенин билдирген.

Эске салсак, 16-январда Temirov Live медиасынын кеңсесинде тинтүү жүргүзүлүп, редакциялык жабдыктар алынган. Милиция үйлөрүн тинтип, басылманын учурдагы жана мурдагы 11 кызматкерин камакка алган.

ИИМ Temirov Live жана «Айт Айт Десе» социалдык баракчаларындагы материалдарга жасалган соттук-лингвистикалык экспертизанын жыйынтыгы менен аларга Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү «Массалык башаламандыкка чакырыктар» боюнча кылмыш иши козголгонун билдирген.

Махабат Тажибек кызы, Сапар Акунбеков, Азамат Ишенбеков, Сайпидин Султаналиев, Актилек Капаров, Тыныстан Асыпбеков, Максат Тажибек уулу, Жоодар Бузумов, Жумабек Турдалиев, Айке Бейшекеева жана Акыл Орозбеков кармалып, 13-мартка чейин Бишкектин № 1 тергөө абагына эки айга камакка алынган. Алардын баары Temirov Live редакциясынын мурдагы же учурдагы кызматкерлери.

Кийинчерээк сот кармалган айрым журналисттерди эч жакка чыкпоо тууралуу тилкаты менен үй камагына чыгарган.

Эң көп окулган жаңылыктар