19:57
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

Жыл сайын мергенчиликтен 52 миллион сом түшөт

Жыл сайын мергенчиликтен 52 миллион сом түшөт. Бул тууралуу жарандык активисттер менен жолугушуу учурунда Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агентигинин департаментинин жетекчиси Алмаз Мусаев билдирди.

Анын айтымында, акча, Аңчылык департаментинин эсебине түшүп, каржы министрлиги тарабынан бөлүнөт.

Алмаз Мусаевдин маалыматында, каражаттын 25 пайызы (13,5 миллион сом) аймагында мергенчилик чарбалары жайгашкан жергиликтүү бюджетке багытталат. 35 пайызы, же 18 миллион сом департаменте калып, калганын мергенчилик чарбалары өз иш чараларына жумшашат.

«Бирок, быйыл кабыл алынган Бюджеттик кодекс боюнча мергенчиликтен түшкөн акча 100 пайыз республикалык бюджетте калат» — деп билдирди Алмаз Мусаев.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума