20:26
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

Жалал-Абад шаардык кеңешке шайлоодо «Өнүгүү Прогресс» алдыга озуп чыкты

Жалал-Абад шаардык кеңешке шайлоодо «Өнүгүү Прогресс» алдыга озуп чыкты.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча, «Өнүгүү Прогресс» — 6 миң 294 добуш, КСДП — 5 миң 612 добуш, «Ата-Журт Мекенчил» — 3 миң 267, «Кыргызстан» — 2 миң 467, «Республика» — 2 миң 257 добуш алышкан.

КСДП Ноокат жана Көк-Жаңгакта алдынкы орунга чыккан. Таш-Көмүрдө эң көп добуш «Өнүгүү Прогресс» партиясына берилген.

Эскерте кетсек, кечээ 8 шаар жана 31 аймакта жергиликтүү кеңешке шайлоо өттү. Расмий жыйынтык добуш берүү күнү өткөндөн кийин эки жумага чейин жарыяланат.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума