17:21
USD 88.33
EUR 95.66
RUB 0.97

Ташиев талапкерлигин Сооронбай Жээнбековдун пайдасына алып салаарын билдирди

Камчыбек Ташиев президентикке талапкерлигин Сооронбай Жээнбековдун пайдасына алып салаарын билдирди. Бул тууралуу ал Сооронбай Жээнбековдун Жалал-Абад облусунун Сузак районунун жашоочулары менен Барпы айылында болгон жолугушуусунда айтты.

Камчыбек Ташиев Сузактын жашоочуларына ыраазычылыгын айтып, Сооронбай Жээнбековдун пайдасына талапкерлигин алып салып жатканын билдирип, сузактыктарды жана «Ата -Журт» партиясынын мүчөлөрү менен тарапташтарын Жээнбековго добуштарын берүүгө чакырды.

«Урматтуу сузактыктар, мен сиздер менен жолугушканыма чоң кубанычтамын. Бул жолугушуунун уюштуруучуларынын бири КамчыбекТашиевге да ыраазычылык билдирем. Ал соодалашпастан, кызмат сурабастан, «сен президент, мен премьер-министр» дебестен, мени колдоону чечти. Ал мага эч кандай шарт койбоду, Кыргызстандын туруктуулугу жана келечеги үчүн мени колдоду. Сиздерге жылуу тосуп алганыңар үчүн ыраазымын, ишенимиңерди актайм!»

Сооронбай Жээнбеков
Ал президенттик кызматта ишке ашыруучу пландары менен максаттары тууралуу жана буга чейин аткарган иштери жөнүндө айтып берди.

Өз кезегинде Сузактын тургундары Сооронбай Жээнбековду колдой тургандыктарын белгилешти, анткени ал бардык мамлекеттик кызмат баскычтарын басып өткөн таза инсан жана мамлекеттин жүгүн татыктуу көтөрүп кетерине ишенишет.

Аталган жолугушууга 5 миңден ашуун шайлоочу келди.

Президенттик кызматка талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгулкызы Надира тарабынан буюртма берилди жанат өлөндү. Нускасы 1 даана. Чыгарылганкүнү: 20.09.2017-ж.

Эң көп окулган жаңылыктар