23:58
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

Бишкек — Балыкчы каттамы боюнча поезд каттай баштады

2021-жылдын 18-июнунан тарта Бишкек — Балыкчы — Бишкек каттамы боюнча поезд каттай баштады. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аталган каттам боюнча поезд эс алуу мезгили аяктаганга чейин каттайт.

Билет баасы — 5 жаштан 10 жашка чейинкилерге — 34 сомдон, 10 жаш жана андан улууларга — 69 сом. Ал эми 5 жашка чейинки балдарга акы алынбайт.

«Коронавируска каршы чектөөлөрдү сактоо үчүн жүргүнчүлөргө сөзсүз беткап тагынып саякаттоого уруксат берилет жана кол кап кийүү сунушталат. Поездде вагондордун ортосунда жүргүнчүлөрдүн кыймылына тыюу салынган», — деп кошумчалашты ишкананын басма сөз кызматынан.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума