20:32
USD 88.57
EUR 95.33
RUB 0.97

«Алтын кум» пансионатынын аймагындагы мыйзамсыз курулуштар буздурулууда

Ысык-Көлдө Бостери айылынын жана «Алтын кум» эс алуу пансионатынын аймагындагы мыйзамсыз курулуштар буздурулууда. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги билдирди.

Белгиленгендей, мекеменин аймактык башкармалыгы тарабынан президенттин 2022-жылдын 26-апрелиндеги № 131 «Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» жарлыгынын негизинде буздуруу иштери жүргүзүлүп жатат.

Буга чейин Мамкурулуш аймактык башкармалык мыйзамсыз орнотулган пирстерди жана кайык токтоочу жайларды аныктоо боюнча иштерди жүргүзүп жатканын билдирген.

Эң көп окулган жаңылыктар