05:29
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Казакстанда «Камызяки» КВН командасынын концерттерине тыюу салуу талап кылынууда

Казакстандык социалдык түйүн колдонуучулары өлкө бийлигин казак тектүү орусиялык куудул Азамат Мусагалиевдин Астана жана Алматы шаарларында өтө турган концерттерине тыюу салууга чакырууда.

Алар буга себеп катары Мусагалиевдин Орусия оккупациялап алган Украинанын Донецк облусунда концерт бергенин айтып жатышат.

Мусагалиевдин жана ал жетектеген «Камызяки» КВН командасынын концерттери Астана жана Алматы шаарларында октябрдын башында өтөт деп пландалууда.

8-сентябрда өткөн Донецк облусундагы концерттен кийин Мусагалиевди украин бийлиги «орус-фашисттик басмачыларга жана террорчуларга көмөктөшкөн» деген тизмеге киргизген.

Буга чейин Казакстанда коомдун талабы менен согушту колдогон орусиялык Полина Гагарина, Григорий Лепс, Лариса Долина сыяктуу ырчылардын концерттерине тыюу салынган. Мындан тышкары согушту колдогон актёр Сергей Глушко катышкан спектакль да коюлбай калган.

Эң көп окулган жаңылыктар