22:04
USD 88.67
EUR 95.49
RUB 0.96

Сузак районунда III даражадагы өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда III даражадагы өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 20-апрелден 24-апрелге чейин жааган жаандан улам Барпы, Кызыл-Туу,Сузак айыл өкмөттөрүндө үйлөрдүн короолорун суу каптан.

Мындан сырткары, Көк-Арт дарыясында суунун дээңгели көтөрүлүп, бир топ аймактарда кооптуу абал жаралган.

Учурда тургундардын турак жайларындагы сел суулары сордурулуп, жарандар коопсуз жайга чыгарылууда. Жаныбарлар, канаттуулар өлгөн айыл аймактарда дезинфекция иштери жүргүзүлүүдө.

Жерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен атайын инженердик техникалар тартылып, каналдарда тазалоо жумуштары башталды.

ӨКМ 24-апрелде Жалал-Абад облусунда нөшөрлөп жааган жаандан кийин Таштак, Кызыл-Сеңир, Бостон айылдарында болжол менен 150 турак үйдүн жана 3 социалдык объектинин короосун суу каптап, 1 ички чарбалык көпүрөнү, 50 гетар айдоо жерди суу алганын билдирди.

Мындан сырткары, Базар-Коргон, Аксы, Ала-Бука, Таш-Көмүр шаарларында ички чарбалык жолдорду, турак жайлардын короолорун сел суусу каптаган. Жеринде тиешелүү жумуштар жүрүүдө.

22-23-апрелде өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев түштүктөгү сел каптаган аймактарды кыдырып, кесепеттерин өз көзөмөлүнө алды.

Эң көп окулган жаңылыктар