22:28
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

Футзал боюнча ФИФАнын рейтинги жарыяланды. Кыргызстандын көрсөткүчтөрү кандай

ФИФА алгачкы жолу футзал боюнча улуттук курама командалардын рейтингин жарыялады. Кыргызстандын курама командасы 139 команданын ичинен 41-орунду (1091,36 упай) ээледи.

Тизменин башында Бразилиянын курамасы (1568,41 упай), экинчи орунда Португалиянын командасы (1527,61), үчүнчү орунда Испания (1514,42) турат.

Эске салсак, футзал боюнча Азия Кубогунда Кыргызстандын курама командасы алтынчы орунду алган.

Кыз-келиндер рейтингинде биринчиде Бразилия (1364,75), андан кийинки орундарда Португалия (1302,33) жана Испания (1266,33) командалары турат. Кыргызстандын кыз-келиндер курамасы 69 команданын ичинен 66-сапты (850,34) ээледи.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума