16:21
USD 88.67
EUR 95.49
RUB 0.96

CAFA чемпионаты (U-18). Кыргызстандын курамасы Өзбекстандан утулуп калды

Кыргызстандын Футбол боюнча кыз-келиндер курамасы (U-18) CAFA турниринде Өзбекстандын командасы менен ойноду. Бул тууралуу Кыз-келиндер футболунун ассоциациясы билдирди.

Үчүнчү турдагы беттеште кыргызстандык футболчулар 1:6 эсебинде утулуп калды.

Белгилей кетсек, биринчи турда Кыргызстандын курама командасы Түркмөнстанды, экинчи турда Тажикстанды уткан.

CAFA чемпионаты Тажикстанда өтүүдө, ал 28-апрелге чейин уланат.

Эң көп окулган жаңылыктар