Кыргызстандын футбол боюнча кыз-келиндер курамасы (U-18) CAFA турниринде Тажикстандын командасы менен беттешти. Бул тууралуу социалдык тармактагы баракчасында Кыз-келиндер футболунун ассциациясы маалымдады.
Экинчи турдагы оюнда кыргызстандык футболчулар 3:0 эсебинде жеңишке жетти. Алина Гапарова хет-трик жасады.
Белгилей кетсек, биринчи турда Кыргызстандын курама командасы Түркмөнстандын командасын уткан.
24-апрелде биздин спортчулар өзбекстандык атаандаштары менен беттешет.
CAFA чемпионаты Тажикстанда өтүп жатат, ал 28-апрелге чейин уланат.