Футбол боюнча Кыргызстандын кыз-келиндер курамасы (U-18) CAFA турниринде Түркмөнстандын командасын жеңди. Бул тууралуу социалдык тармактагы баракчасында Кыз-келиндер футболунун ассциациясы маалымдады.
Кечээ биринчи турдун беттеши болуп өттү.
Кыргызстандык спортчулар 3:1 эсебинде жеңишке жетти.
Бүгүн биздин курама тажикстандык атаандаштары менен беттешет.
Белгилей кетсек, CAFA чемпионаты 19-28-апрель күндөрү Душанбеде (Тажикстан) өтөт.