16:37
USD 88.33
EUR 95.26
RUB 0.96

Кыргызстан жыл башынан бери 9,9 тонна алтын саткан

2023-жылдын тогуз айында Кыргызстан 9,9 тонна алтынды 619,7 миллион долларга экспорттогон. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматтарында көрсөтүлдү.

Бир айдын ичинде эле көрсөткүч 1,2 тоннага өстү. 2022-жылы ушул эле мезгилинде 69,4 килограмм гана алтын 905,6 миң долларга сатылган.

Учурдагы алтындын экспорту өткөн жылга салыштырмалуу 143 эсеге өстү.

Баалуу металлдын негизги көлөмү Швейцарияга сатылган. Бул өлкөгө 8 тонна алтын 502,8 миллион долларга жеткирилген. 2023-жылдын сегиз айындагы маалыматтар бонча, экспорттун көлөмү 7,1 тоннаны түзгөн. Демек, бир ай ичинде Кыргызстан Швейцарияга дээрлик 882,2 килограмм жөнөткөн.

Мындан тышкары, республика Гонконгго 984,3 килограмм баалуу металлды 60 миллион долларга жана Бириккен Араб Эмираттарына 908,8 килограммды 56,7 миллион долларга жеткирген.

2022-жылы жылдын тогуз айынын жыйынтыгына боюнча алтындын дээрлик бардык көлөмү Түркияга экспорттолгон. Быйыл бул өлкөгө алтын сатылган эмес.

Эң көп окулган жаңылыктар