03:18
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Электртуумду эсептен чыгаруучу «Жаңы жылды карызсыз тосуңуз!» акциясы башталды

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК 2023-жылдын 31-декабрына чейин электр энергиясына болгон карызды төлөгөн абоненттерге, туумду эсептен чыгаруу боюнча акция өткөрөт. Бул туралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирет.

Бул акция калк керектөөчүлөр (турмуш-тиричилик керектөөчүлөрү) жана мамлекеттик бюджеттен (бюджеттик керектөөчүлөр) каржыланган уюмдар үчүн өткөрүлөт. Акциянын шарты боюнча, керектөөчүлөр электр энергиясына болгон карызды толук төлөшү зарыл. Туумду эсептен чыгаруу, акция аяктагандан кийин жүргүзүлөт. Башкача айтканда, 2024-жылдын январы айынан тарта карызын төлөгөн абоненттерге туумдар эсептен чыгарылып, жаңы эсептөөлө туумсуз жазылат. Карызы сот органдарында каралып жаткан же соттун чечими бар абоненттер акцияга катыша албайт.

Абоненттер балансты Мой свет тиркемесинен жана компаниянын www.nesk.kg сайтындагы Абоненттин балансы бөлүмүнөн таба алышат. Электр энергиясына болгон төлөмдөрдү Мой свет мобилдик тиркемеси жана банктык мобилдик тиркемелер, «PAY 24», «Qwickpay», «UMAI», «Оной», «TeremPay», MSТС (Касса-24), Megacom, О! терминалдары, «ЭЛСОМ», «О деньги!», «Balance.kg» электрондук капчыктары, ошондой эле «Кыргыз Почтасы» МИ, «Айыл Банк», «РСК», «Мбанк», «Оптима Банк», «Халык Банк», «Дос-Кредо Банк», «Бакай Банк» жана башка банктардын кассалары аркылуу жүргүзсө болот.

Акциянын шарттары тууралуу кененирээк күнү-түнү иштеген колл-борбордун 105, 1209 телефондорунан, сатуу кызматтарынан жана компаниянын сайтынан билүүгө болот.

Эң көп окулган жаңылыктар