06:15
USD 88.34
EUR 95.27
RUB 0.96

Азия өнүктүрүү банкы Чолпон-Атада тазалоочу курулмаларды курууга каражат бөлөт

Азия өнүктүрүү банкы Чолпон-Атада канализация жана тазалоочу курулмаларды курууга 56 миллион доллар бөлөт. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, тиешелүү протоколго кол коюлду.

Анын 31 миллион доллары гранттык жана 25 миллион доллары насыялык каражат болуп эсептелет. Азия өнүктүрүү банкынын шарттарына ылайык насыялык акча 32 жылга, анын ичинен 8 жылдык женилдетилген мөөнөтү менен берилет.

Чолпон-Ата шаарында сыйымдуулугу суткасына 14,2 миң кубду түзгөн саркынды сууларды тазалоочу курулма, 18 канализациялык насостук станция, 45,4 километр канализациялык коллекторлор, 108,8 километр ички кварталдык канализация түтүктөрү курулат (Бостери, Бактуу-Долоноту, Кара-Ой айылындарында дагы). Бул калктуу конуштарда жайгашкан баардык пансионаттар, санаторийлер, курорттор жана конок үйлөр борборлоштурулган канализациялык тармагына кошула алышат.

Мындан тышкары, Чолпон-Ата шаарында тарыхий музей, туристик маалымат борборлору, веложолдор, үч эс алуучу паркы, атайылаштырылган унаа токтотуучу жайлар курулат жана Чолпон-Ата шаарынын түндүк тарабындагы саймалуу таштар жайгашкан жер аянтында бүгүнкү күндүн талабына жооп бере турган инфратүзүм түзүлөт.

Эң көп окулган жаңылыктар